Кыргызстандык жаран 5 кг уулуу зат сатуу учурунда кармалды

Коом 0


Бишкек, 17.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын жараны 5 кг уулуу зат сатуу учурунда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренесинде каралган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси (Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде 2023-жылдын 27-апрелинде 1987-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Л.Ш.А. сымапты мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 5 кг коркунучтуу 1-класстагы уулуу зат табылып алынган.

Азыркы учурда УКМК тарабынан өлкө аймагында жайгашкан кылмышкердин шериктерин аныктоого жана кармоого багытталган зарыл болгон тергөө иш-чараларды жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий