• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык жигит эгизинин паспорту менен Оштон Пермге учуп кетүүгө аракет кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Аба бекеттеринен мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Ош-аэропорту” өткөрүү бекетинде эгиз тууганынын паспорту аркылуу Россияга Ош-Пермь каттамы менен учуп кетүүгө аракет кылган Кыргызстандын 24 жаштагы У.А. аттуу жараны кармалды.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандык кыз Түркияга эжесинин паспорту менен учуп кетүүгө аракет кылган. Ал кармалып, тиешелүү иш кагаздар толтурулгандан кийин мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий