Самарканд – Өзбекстандагы байыркы, тарыхый эстеликтери менен белгилүү болгон туристтик шаар. Самарканд диний жана илимий ишмерлерди, соодагерлерди жана эл башчыларын өзүнө тартып тургандыгын – биздин убакытка чейин жеткен мечиттер, медреселер, базарлар жана илимий жайлар тастыктап турат. Маалыматтар боюнча, 2024-жылдын биринчи алты айында шаарга 1 миллион 253 миң чет өлкөлүк жана 1 миллион 742 миң жергиликтүү турист келген. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 1,5 эсеге өскөн. Жыл башынан бери туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту 301,3 миллион долларды түзүп, ал эми туристтердин агымы эки эсеге өскөндүгү айтылат.
Акыркы жылдары туристтердин чоң агымын өзүнө тарткан Самарканд шаарынын тарыхый жайларына, маданий мурастарын Кыргызстандан барган жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү күбө болушту.
Гур-Эмир мавзолейи
Өзбекстанда Амир Тимур аталган Орто Азиялык түрк башкаруучусу, кол башчынын сөөгү Самарканд шаарындагы Гур-Эмир мавзолейине коюлган. Гур-Эмир мавзолейи Амир Тимурдун сүйүктүү небереси жана тактынын мураскери болгон Мухаммед султандын 27 жашында аскердик жортуул учурунда капысынан дүйнөдөн кайтканына байланыштуу ага арналып 1403-жылдары курулган. Алгач Амир Тимурдун сөогүн кичи мекени болгон Шахрисабзга көмүүнү буйруган, бирок туугандары аны небереси Мухаммад султандын мүрзөсүнүн жанына Гур-Эмирге коюуну чечишкен. Улуу башкаруучунун башка урпактарынын сөөгү да ушул жерге коюлган. Бүгүнкү күндө бул архитектуралык курулуш тарыхый жайга айланып, каалагандар келип көрө алышат. Гур-Эмир күмбөзүнүн бардык дубалдары жана куполу чыгыштын алтын түстөгү оймолору жана араб жазуулары менен кооздолгон.
Регистан аянты
Самарканддын эле эмес, бүтүндөй Өзбекстандын тарыхый символу болгон Регистан аянты учурда көптөгөн туристтердин кызыгып барган жери. Шаардын ортосунда жайгашып, XV-XVII кылымга таандык үч медресе менен курчалган Регистан аянты учурунда 27 өлкөнү бириктирген Амир Тимурдун мамлекетинин борбору болгон. Аянттагы Улугбек, Шердор жана Тилля-Кари медреселери бир караганда окшош көрүнгөнү менен алардын ар бирин тарыхый мааниси, архитектурасы ар башка.
Аянттагы эң эски Улугбек медресеси 1417-1420 - жылдары астроном, окумуштуу Улугбек жана Тимуриддер мамлекетинин башкаруучусу тарабынан курулган. Бул жерде алар математика, философия, астрономия илимдерин изилдешкен. Ал эми 1619-1636-жылдары курулган Шердор медресеси аянттын чыгыш тарабында Улугбек медресесинин маңдайында жайгашкан. Имарат түзүлүшү боюнча Улугбек медресесине окшош, бирок айырмачылыктары бар. Тилля-Кари медресесинин курулушу Самарканд башкаруучусу Ялангтуш бий Бахадурдун буйругу менен 1646-жылы башталып, 1660-жылга чейин дээрлик 14 жылдан ашык убакытка созулган. Имарат Регистан аянтынын түндүк четинде жайгашып, ал үч медреседен турган аянтты толуктайт.
"Түбөлүк шаар" этнопаркы
Самарканддагы "Түбөлүк шаар" этнопаркында байыртадан келе жаткан өзбек элинин жашоо шарты, көл өнөрчүлүгү, маданияты чагылдырылган. Көк куполдор, чебер оймолор, курулуштар, көгүлтүр мозаика жана төшөлгөн кыш, таштан чегилген элементтер, мрамордон оюлуп жасалган буюмдарды "Түбөлүк шаардан" көрүүгө болот. Бул жерде 44 имарат заманбап көз караштардын айкалышында салттуу типте курулган.
Улугбек обсерваториясы
Улугбек обсерваториясы 1428-29-жылдары Самарканд шаарынын жанына Улугбек тарабынан орто кылымдарда курулган дүйнөдөгү эң маанилүү обсерваториялардын бири. Улугбектин көптөгөн астрономиялык таблицалардын ичинен 1018 жылдызды изилдөөдөн турган Зижи Гурагани аталган жылдыздуу асман каталогу көп кызыгуу жаратат. Улугбек ушул обсерваторияда жылдын узактыгы 365 күн, 6 саат, 10 минут, 8 секунд деп эсептеген.
Шахи-Зинда комплекси
Шахи-Зинда Самарканддагы бирден бир тарыхый-архитектуралык комплекс. Кайталангыс байыркы тарыхый жай Афрасиаб шаарчасынан алыс эмес жерде 1370-1449-жылдар аралыгында курулуп, төмөнкү, ортоңку жана жогорку болуп үч топко бөлүнөт. Мында падышалык жана анын жакындарынын сөөгү көмүлгөн. Шахи Зинда шаардын дээрлик үч миң жылдык тарыхын чагылдырган жалгыз археологиялык жана архитектуралык эстелик болуп саналат. Шахи Зинда перс тилинен которгондо"Тирүү Падыша" дегенди түшүндүрүп, эл арасында ыйык жай катары урматталган маанилүү зыярат кылуучу жайга айланган.
Белгилей кетсек, Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттеринин басма сөз катчыларынын демилгеси менен уюштурулган пресс-турдун алкагында кыргызстандык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аталган тарыхый жайларды кыдырып, эки элдин басып өткөн жолундагы, жашоо-тиричилигиндеги, каада-салттарындагы окшоштуктарды жана айырмачылыктарды белгилешти. Ошондой эле эки өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүүдө медиа тармагынын салымы, аймактардагы маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери көтөрүлдү. Эки мамлекеттин журналисттерине кыргыз-өзбек достук мамилесин, кызматташтыгын даңазалаган материалдар үчүн сынак жарыялоо сунушу берилди.
Пикир
Оставить комментарий