• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстандыктар 26-июнда эс алат

Коом 0

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. 26-июнда кыргызстандыктар эс алат. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 113 беренедеги эмгек кодексине ылайык мусулмандардын “Орозо айт” майрамы иш күнү эмес болуп саналат.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан келген катка ылайык, Кыргызстанда 2017-жылдын 25-июнь “Орозо айт” майрамын белгилөө күнү катары жарыяланган.

“Орозо айт” майрамы жекшемби күнгө туш келип калганына байланыштуу дем алыш күн кийинки күнгө жылдырылат. Буга ылайык, 26-июнь дем алыш күн болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий