Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Кыргызстандыктар үчүн алдыдагы ишемби, тактап айтканда, 29-апрель иш күнү болот.
Министрлер кабинети тарабынан бекитилген өндүрүштүк календарга ылайык, 29-апрелдеги иш күнү 20-марттагы дүйшөмбүдөгү дем алыштын ордуна иш күнү болмокчу.
Белгилей кетсек, 20-мартта Нооруз майрамына байланыштуу кыргызстандыктар эс алышкан.
Андан тышкары, кыргызстандыктар дүйшөмбү, 1-майда эс алышат.
Пикир
Оставить комментарий