• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргызстандыктар үчүн Пакистанга виза алуунун жол-жобосу жеңилдетилди

Коом 0

Бишкек, 30.08.24. /Кабар/. Пакистан Ислам Республикасынын өкмөтү Кыргызстандын жарандарына карата визалык саясатын кайрадан карап чыкты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, натыйжада Пакистанга бизнес жана туристтик максатта бара жаткан жарандар үчүн визаларды алуу жол-жоболору жеңилдетилди.

Жаңы визалык саясатка ылайык, КР жарандары туристтик жана ишкердик визаларга расмий онлайн-виза системасы ((POVS) https://visa.nadra.gov.pk/ порталы) аркылуу тапшыра алышат.

Тактап айтканда, визага талапкерлер жогоруда аталган системадагы 30 милдеттүү талаасы бар кыскартылган анкетаны толтурушат. Арыз берилгенден кийин, эгерде, системадагы “кара тизмеде” чыгып калбаса/аныкталбаса, автоматтык түрдө виза берүү жөнүндө билдирүү чыгарат. “Кара тизмеге” кирип калган учурда, арыз 24 сааттын ичинде иштелип чыгат. Арызды берүү визалык жыйымдарсыз, анын ичинде документтерди кароо акысыз жүргүзүлөт.

Мындай шарттар кыргызстандыктарга Пакистандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө барбастан, жеңилдетилген тартипте виза алууга мүмкүнчүлүк берет.

Министрлик КР жарандарын чет өлкөгө сапарларын алдын-ала пландаштырууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий