• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстандыктар чет өлкөдө эс алууга 427 млн доллардан ашык каражат коротту

Экономика 0

Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Кыргызстандыктар саякатка көп каражат корото башташты.

Улуттук статистикалык комитет тарабынан маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында туристтик компаниялар аркылуу 43 миң адам саякатка жөнөтүлгөн. Анын ичинен 30 миңи башка өлкөлөргө жана Кыргызстандын айланасына саякатка чыккан кыргызстандыктар, ал эми 13 миңи Кыргызстанда саякаттаган башка мамлекеттердин жарандары болгон.

2024-жылдын январь-сентябрь айларында туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн импорту (кыргыз жарандарынын чет өлкөлөрдөгү чыгашалары) эсептөөлөр боюнча 427,4 млн АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5,1%га өскөн.

Пикир

Оставить комментарий