• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Кыргызстандыктар эс алуу үчүн көбүнчө кайсы өлкөлөрдү тандашат?

Экономика 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте туризм боюнча ири жарманке өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул өзгөчө иш-чарада кыргызстандыктар үчүн эң мыкты чет өлкөлөрдө эс алуу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштаган 15 алдыңкы жергиликтүү туроператорлор катышты.

Өткөн жылдардын эң популярдуу багыттары болгон Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарына суроо-талап дагы эле жогору бойдон калууда, бирок быйыл кыргызстандыктардын кызыгуусу жаңы багыттарга барган сайын күчөп жатат. Кытай, Малайзия, Венгрия жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөргө кызыгуу өсүүдө. Бул багыттар сыртка чыгуучу туризмдин ыкчам өнүгүүсү жана жаңы авиакаттамдардын ачылышы менен чоң популярдуулукка жетүүдө. Жаңы каттамдар саякаттоону жеңилдетип гана тим болбостон, Кыргызстанга чет элдик туристтерди тартуу мүмкүнчүлүгүн да кеңейтүүдө.

Жарманкеге келгендер туристтик сунуштардын чоң тандоосу менен таанышып, көңүл ачуучу программадан: концерттен, конкурстардан, ошондой эле баалуу байгелерди ойнотуудан ырахат алышты. Негизги сыйлыктар катары C.A.T. компаниясы тарабынан Shah Palase Hotel мейманканасында эки адамга эс алуу сертификаттары тапшырылат.

Мындан тышкары, Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин отуруму өтүп, жайкы туристтик сезон жыйынтыкталып, тармакты өнүктүрүү перспективалары талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий