Кыргызстандыктар кийинки дүйшөмбүдө эс алышат

Коом 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Кыргызстандыктар дүйшөмбү, 17-июнда эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ай календары боюнча аныкталган Курман айт күнү расмий түрдө 16-июнь дем алыш (жекшемби) деп жарыяланган.

Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, дем алыш күнүнө жана жумуш эмес майрам күнүнө туш келип калганда дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат.

Демек, дүйшөмбү, 17-июнь, беш күндүк жана алты күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын мамлекеттик бюджеттен каржыланган кызматкерлери үчүн дем алыш күн болуп саналат.


Курман айт — мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири. Бул майрам Орозо бүткөндөн соң 70 күндөн кийин белгиленет. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет. Бул майрамда мусулмандар кой, уй же төөнү союшуп, дасторкон даярдашып, бири-бирин коноктошот.

Пикир

Оставить комментарий