• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандыктар мамлекеттик тышкы карызды төлөөгө 31,5 млн сом чогултушту

Экономика 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. 2023-жылдын 20-февралына карата жарандар тарабынан мамлекеттик тышкы карызды төлөөгө 31 млн 532 миң сом чогултулду. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-мартындагы № 70 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын төлөө үчүн депозиттик эсептер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун аткарууда, Финансы министрлигинин Борбордук казынасы тышкы карызды тейлөө үчүн № 44010011030000253 депозиттик эсебин ачкан.

Бул эсепке жеке жана юридикалык жактардан акча каражаттары түшөт.

Пикир

Оставить комментарий