• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргызстандыктар микрокредиттерди көбүнчө керектөө муктаждыктары үчүн алышат

Экономика 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгында микрокредиттик уюмдар тарабынан 29,9 млрд сом суммасында кредиттер берилди, муну менен бирге алуучулардын саны 561 миңге жакын адамды түздү.

Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 1,6 эсеге, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 26,6% көбөйдү.

I жарым жылдыкта калкка микрокредиттердин берилиши

Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек шаары (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 22%), Ош (16%дан ашык), Жалал-Абад (15%) жана Чүй (14%дан ашык) облустарынын алуучуларына берилди.

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн жарымынан ашыгы (50,7%) керектөөчүлүк муктаждыктарына берилди, дээрлик 22% - айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12%ы - соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө, 5%га жакыны курулушка багытталды.

I жарым жылдыкта калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши

(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

Пикир

Оставить комментарий