• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстандыктар накталай акчаны азырак колдоно баштады

Экономика 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Кыргызстандыктар накталай акчаны азырак колдоно баштады.

“Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдиргендей, банк карталарын колдонуучулардын саны күн санап өсүүдө.

"Коммерциялык банктар жана рыноктун башка катышуучулары мобилдик тиркемелерди жана накталай эмес төлөм каражаттарын колдонууга кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн инфраструктураны түзүү боюнча чараларды көрө баштады”, - деди ал.

Карабаева белгилегендей, пандемия маалында накталай эмес төлөмдөр өзүнүн жөндөмдүүлүгүн жана ыңгайлуугун көрсөттү.

“Бүгүнкү күндө “Элкарт” улуттук картасы тарабынан мобилдик банкинг, QR-коддор сыяктуу кызматтардын кеңири спектри сунушталууда. Бул багытта иштер улантылат. Биз азыр комбанктардан тышкары “Элкарт” тууралуу гана айтып жатабыз.

“Элкарт” мобилдик банкингин 723 миңден ашык колдонуучу колдонот. 1-июлга карата “Элкарт” аркылуу 30 млн төлөм, “Элкарт трейд” аркылуу 13 миң төлөм жүргүзүлгөн. Жарандар ошондой эле контаксыз карталар менен кеңири колдонуп келет”, - деп маалымдады Улуттук банктын расмий өкүлү.

Ал белгилегендей, соода объектилерине коммерциялык банктар тарабынан 12 миңден ашуун QR-коддор берилди. Өткөн жылы 3 миң QR-код берилген.

Пикир

Оставить комментарий