• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Кыргызстандыктар ноябрь айында төрт күн катары менен эс алат

Коом 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Кыргызстандыктар ноябрь айында төрт күн катары менен эс алышат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, Эмгек кодексине ылайык, 7 жана 8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жумуш эмес майрам күндөрү катары аныкталды.

Бул күндөр бейшемби жана жума күндөргө туура келгендигине байланыштуу жумасына беш күн иштеген кызматкерлер 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин эс ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий