• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстандыктар онлайн режиминде юридикалык жардам ала алышат

Коом 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Юридикалык жардам кызматы 20-июндан 16-августка чейин күн сайын социалдык тармактардагы расмий баракчалары аркылуу калкка ар кандай маселелер боюнча онлайн консультацияларды берет.

Юстиция министрлигинен билдиришкендей, мындай формат жарандар үчүн үйдөн чыкпастан эле квалификациялуу жардам жана ар кандай юридикалык маселелер боюнча түшүндүрмө алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

"Бүгүн, 20-июнда саат 15:00дө Юридикалык жардам көрсөтүү жана укуктук агартуу башкармалыгынын начальниги А. Камаева түз эфирге чыгат.

Мунун аркасында адамдар укук жаатындагы билимин кеңейтип, кызыктырган суроолоруна жооп алып, укуктук сабаттуулугун арттыра алышат", - деп айтылат маалыматта.


Онлайн-юридикалык консультациялар — бул калктын укуктук маданиятын жогорулатуу жана юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн маанилүү кадам.

Пикир

Оставить комментарий