• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандыктар Түркияда иштөөгө аз бара баштады – Миграция кызматы

Коом 0

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Кыргызстандыктар Түркияда иштөөгө аз бара баштады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Маалыматтык-кеңеш борборунун директору Бактияр Төлөнов билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери чет өлкөгө иштөө үчүн 4 миң жаран кеткен.

"Алардын 2 миң 500ү Түркияга кеткен. Бул көрсөткүч ал өлкөдө долларга карата инфляция болуп, биздин мигранттарга ал жакта иштөө кирешеси аз болуп калганынан улам төмөндөгөн. Салыштырып айтсак, 2017-жылы Түркияга 27 миң жаран кеткен. Учурда жарандар Болгария, Германия өңдүү мамлекеттерге артыкчылык бере башташты. Болгарияга жыл башынан бери 300 жаран, Германияга 250 жаран кеткен", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий