Кыргызстандыктар каражаттарын депозитке көбүрөөк сактай баштады

Экономика 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Кыргызстандыктар өз каражатын депозитке көбүрөөк сактай баштады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын Экономика башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын аягында банк системеларында депозиттик (аманат) базанын жалпы көлөмү 431 млрд сомду түзүгөн, анын ичинен 234 миллиарды улуттук валютада сакталган.

"2024-жылдын 23-майына карата депозиттик базанын жалпы көлөмү 494 млрд сомду түзүүдө, анын ичинен 274 млрд сому улуттук валютада. Көрүнүп тургандай, коммерциялык банктардын ресурстук базасы өсүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий