Үч жылдын ичинде Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түштү. Негизги тармактардагы структуралык өзгөрүүлөр жана өсүштөр экономикалык көрсөткүчтү бекемдөө үчүн жагымдуу шарттарды түздү.
Өкмөттүн аппарат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн алдында турган дымактуу милдеттерди айтып, белгиленген максаттарды ишке ашырууга толук мүмкүнчүлүк бар экендигин баса белгиледи. Жүктөлгөн милдеттердин ичинде президенттин 5 жылдын ичинде Кыргызстандын ички дүң продукциясын 30 млрд долларга жеткирүү тапшырмасы дагы бар.
«Эгерде илбирстин тайманбастыгы менен иш кылсаңар, 2030-жылга карата өлкөбүз башкаларга үлгү болуп гана калбастан, кыялдар ишке ашарын бүт дүйнөгө көрсөтөбүз деп терең ишенем», - деди Акылбек Жапаров.
Өлкө жетекчилиги мыкты натыйжаларга жетише алды. Экономикада объективдүү жылыштар бар, анын оң таасирин калк сезди. Жөнөкөй жарандардын пикири да өлкөдөгү иштерди баалоо үчүн маанилүү жана эң негизги объективдүү көрсөткүч болуп саналат. Кыргызстандыктардын 90 пайызы бийликтин ишмердүүлүгүн жактырат. Бул жыйынтыкты Дүйнөлүк банк жүргүзгөн коомдогу маанайдын анализдери көрсөтүп турат. Бул мониторинг тууралуу өкмөт башчы аппарат жыйынында билдирди.
Документте 2021-жылдын декабрынан 2024-жылдын октябрына чейинки мезгилдеги калктын социалдык-экономикалык бакубаттуулугу боюнча маалыматтар келтирилген:
- үй чарбаларынын финансылык коопсуздугун жогорулатуу - өзүнүн финансылык туруктуулугуна ишенген үй айылдардагы чарбаларынын көрсөткүчү 2021-жылдын декабрындагы 34%дан 2024-жылдын сентябрында 74%га чейин өстү, шаарларда - 33%дан 71%га чейин. Финансылык туруктуулугуна ишенген үй чарбаларынын көрсөткүчү кыйла өстү;
- азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу - азык-түлүк коопсуздугуна ишенген айылдардагы үй чарбаларынын көрсөткүчү 2021-жылдагы 43%дан 2024-жылы 85%га чейин өстү , ал эми шаарларда - 2024-жылы 37%дан 82%га секирик байкалды;
- субъективдүү жакырчылыкты кыскартуу - өзүн кедей деп эсептеген айылдардагы үй чарбаларынын көрсөткүчү 2021-жылдагы 29%дан 2024-жылы 16%га чейин азайды, ал эми шаарларда - - 30%дан 18%га чейин азайган;
- жашоодон канааттанууну жогорулатуу - өз жашоосуна канааттанган үй чарбаларынын көрсөткүчү 2021-жылдагы 54%дан 2024-жылы 74%га чейин өстү. Бул олуттуу прогресс жана жыргалчылыктын жалпы деңгээлинин өсүшүнүн айкын көрсөткүчү болуп саналат;
- экономикалык шарттарды жакшы кабыл алуу - өлкөнүн туура багытта бара жатканына ишеним деңгээли да бир топ жогорулады. Айыл тургундарынын арасында бул көрсөткүч 2021-жылдагы 71%дан 2024-жылы 89%га, шаар тургундарынын арасында 56%дан 86%га чейин өстү;
- коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугуна ишенген жарандардын пайызы өсүүдө. Шаар калкынын арасында бул көрсөткүч 2021-жылдын декабрындагы 60%дан 2024-жылдын сентябрында 88%га чейин, ал эми айыл тургундарынын арасында 83%дан 89%га чейин өстү;
- жарандар менен диалог - өкмөт менен жарандардын өз ара мамилеси жөнүндө, канааттанган адамдардын саны 2021-жылдагы 61%дан 2024-жылы 79%га чейин өстү - бул айылдыктардын пикири, ал эми шаар тургундарынын канааттануусу 46%дан 74 пайызга өстү.
Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти, «Кыргыз фондулук биржасынын» директорлор кеңешинин мүчөсү Нурбек Элебаев “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде дүйнөлүк институт жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча пикирин билдирди.
«Мен Дүйнөлүк банктын «Кыргыз Республикасын угабыз» деген мониторинг жыйынтыгын кунт коюп окуп чыктым жана анын жыйынтыктарына таянып, өлкө жетекчилиги жана элибиз өлкөнүн социалдык-экономикалык абалында олуттуу жакшырууларга, акыркы жылдарда калктын турмушунун бир катар маанилүү көрсөткүчтөрүн жогорулатууга жана бүткүл Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өсүшүнө жетишти деп ишенимдүү айтууга болорун канааттануу менен белгилейм.
Мисалы, өзүн кедей деп эсептеген айылдык үй чарбаларынын пайызы 2021-жылдын декабрынан 2024-жылдын сентябрына чейин 29 пайыздан 16 пайызга, шаарларда 30 пайыздан 18 пайызга чейин төмөндөгөн, башкача айтканда дээрлик эки эсеге азайган. Ошол эле учурда айылдарда азык-түлүк коопсуздугу дээрлик эки эсеге көбөйүп, 43%дан 85%ке чейин өскөн, ал эми шаарларда эки эседен ашык же 37%дан 82%га өскөн. Үй чарбаларынын финансылык камсыздоосунда да ушундай эле көрүнүш байкалат - айылдарда 34%дан 74%ке чейин жана шаарларда 33%тен 71%ке чейин же эки эседен ашык өскөн. Жалпысынан өлкөдө жашоого канааттанган үй чарбаларынын көрсөткүчү олуттуу өстү, тактап айтканда 2021-жылдагы 54%дан 2024-жылы 74%га же 20%га өскөн.
Мунун баары мени каржы рыногунун адиси катары кубандырбай коё албайт. Бүгүнкү күндө биздин калк өзүнүн финансылык потенциалын чыңдап, бюджетти социалдык-экономикалык жактан колдоо жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуучу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана корпоративдик баалуу кагаздарга өз каражаттарын жана аманаттарын инвестициялоого жумшап, өздөрүнө “коопсуздук жаздыгын” көбөйтүү үчүн инвестициялардан кошумча киреше алса болот.
Мониторинг калктын өлкө туура багытта бара жатканына ишеним артканын көрсөттү. Мисалы, жалпысынан өлкө туура жолдо экенине макул болгон үй чарбаларынын пайызы 2021-2024-жылдар аралыгында айылдарда 71%дан 89 пайызга, шаарларда 56дан 86 пайызга, башкача айтканда 30%га өскөн.
Ошондой эле өзгөчө белгилеп кете турган нерсе, Дүйнөлүк банк өзүнүн мониторингинин жыйынтыктоочу бөлүгүндө өлкөнүн экономикалык өсүш көрсөткүчтөрүн “Азия жолборсторунун” - Индонезиянын, Вьетнамдын жана Таиланддын 1986 - 1996 жж. учурдагы мезгилиндеги, 10 жылдан ашуун орун алган экономикасынын өсүшү менен салыштырса, аларда 10 жыл аралыгында 2 эседен бир аз ашыгыраак болгон экен.
Ал эми, Кыргызстандын 2015-жылдын декабрынан 2024-жылдын сентябрына чейинки 9 жылга жетпеген мезгилде экономикасы 2,38 эсеге өскөнүн белгилей кетүү керек. Мен өлкөбүздүн жаңы “илбирс секиригиндей” өнүгүүсү менен абдан сыймыктанам жана келечекте өнүгүүбүз дагы уланат деп ишенем”,- деп жыйынтыктады Нурбек Элебаев.
“Кабар” маалымат агенттигине экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров дагы өз пикири менен бөлүштү.
Министрлер кабинетинин төрагасынын докладында, Дүйнөлүк банк биздин жакшы жактарыбызды, тактап айтканда, үй чарбалардын финансылык коопсуздук жактан өсүшү жөнүндө баса белгилептир. Цифралар үй чарбаларынын үлүшүнүн жана алардын финансылык туруктуулугу айылдарда 34%дан 74%ке чейин, ал эми шаарларда 33төн 71%га чейин өскөнүн көрсөтүп турат. Бул жашоо деңгээлинин жакшырганынан кабар берет. Үй чарбалардын финансылык туруктуулугунун өсүшү кирешелердин көбөйүшүнө жана насыя алуу мүмкүнчүлүгүнүн жакшырышына байланыштуу. Карыз жүгү дагы азайганы байкалууда. Мамлекет ар кандай социалдык программаларды ишке киргизип жатканын көрүп жатабыз. Калктын айрым катмарына жеке бизнесин ачуу үчүн 100 миң сом бөлүнгөн. Азыртадан эле 35 миңге жакын үй-бүлө өз долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашыра баштап, мамлекетке көз каранды болбой калышты.
Экинчиси, азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу. Азык-түлүк менен камсыз кылуунун деңгээли бизге керектүү санга жеткирилип жатканын көрүп жатабыз. Мурда азык-түлүк коопсуздугун 3 гана позициясын камтыган болсок, бүгүнкү күндө негизги 9 товардын ичинен көпчүлүк учурда 80-90%га жеттик. Бул жакырчылыкты кыскартуу боюнча кандайдыр бир иштер жасалып жатканын айгинелейт. Ар кандай ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлүүдө. 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен жыл аягына чейин 19 миңге чейин адам жумуш менен камсыз болот. Ошол эле учурда кээде парадокс пайда болот — эл чарбасынын айрым тармактарында жумушчулар жетишсиз.
Жашоого канааттануу жогорулады. Экономикалык реформалар ишке ашырылып жатканын эл көрүп, келечекке ишеним артты. Бардык сандар оң динамиканы көрсөтөт. Коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөш олуттуу деңгээлде жүрүп жатканын көрүп жатабыз. Демек, элдин бийликке болгон ишеними жогорулайт. Өлкөдөгү өнүгүү элдин бийликке болгон ишенимин арттырат. Бул калктын өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга ыраазы экенин билдирет. Өзгөчө коррупцияга каршы күрөш – шаарларда 60тан 80%га чейин өстү. Бул прогресс, анткени шаар тургундарынын өзү бир аз кайдыгер келет, ар дайым бардык нерседен күмөн санашат. Шаардыктар ишеним артканы, өлкөдө олуттуу иштер жүрүп жатканын билдирет.
Элдин жыргалчылыгынын индикаторлорунун жалпы позитивдүү көрсөткүчтөрү чындыгында бардык жакта жакшыруу болуп жатканын айгинелейт. Бул мамлекеттик реформалар өз жемишин берип жатканынан кабар берет.
Бирок мунун баарын токтотпой, улантышыбыз зарыл. Айыл чарбасын колдоону күчөтүп, элди иш менен камсыз кылууну олуттуу ойлонушубуз керек. Санариптештирүү боюнча ишти мындан ары өркүндөтүү керек, ал сезилерлик натыйжаларды берет.
Мунун баары Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өнүгүшүнө таасир этүүчү мындан аркы өзгөрүүлөргө алып келе турган факторлор. Биз структуралык реформалардын үстүндө иштөөнү улантып, жакырчылык менен күрөшүшүбүз керек. Мамлекет элге канчалык жакын экенин көрсөтүп, карапайым жарандардын ишенимине арттуу үчүн элдин камын көрүшү керек,”- дейт Төлөнбек Абдыров.
Эксперттер ошондой эле өлкөдөгү экономикалык өзгөрүүлөрдү чет мамлекеттер, тышкы финансылык институттардын позитивдүү кабыл алуусу, Кыргызстанга дүйнөнүн болгон көз караш түп-тамырынан бери өзгөрүп жатканынан кабар берет. Глобалдык институттардын бир нече жыл мурун Кыргызстандын экономикасынын жигердүү өнүгүшүн болжолдобогон пессимисттик маанайы, учурда республика өзүнүн ийгиликтерин бекемдей алат жана мындан аркы өсүш үчүн өзүнүн потенциалын ишке ашыра алат деген өтө оптимисттик күтүүлөргө орун берди.
Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий