• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандыктардын акчалай кирешеси көбөйдү — статистика

Экономика 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Республикада калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2021-жылдын январь-сентябрында 397 млрд сомду түздү жана 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Калктын номиналдык акчалай кирешелери
(млн. сом)

Нет описания.

2021-жылдын январь-сентябрында керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 355,2 млрд. сомду түздү жана 2020 жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 7,5 пайызга өстү.

2021-жылдын январь-сентябрында республика боюнча жалпысынан кирешелерди мүнөздөгөн милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү эсепке албаганда, адам башына болгон колдогу акчалай киреше, айына 6 511,9 сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 18,5 пайызга көбөйдү.

Январь-сентябрь калктын киши башына бөлүнгөн орточо акчалай кирешелери
(жыйынтыкка карата пайыз менен)

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий