• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандыктардын Болгарияда ишке орношуу мүмкүнчүлүгү каралууда

Коом 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кыргызстандыктардын Болгарияда жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууда. Бул тууралуу эмгек министри Кудайберген Базарбаевдин Болгариянын туризм министри Ильин Димитров менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда министрликтер ортосунда Болгариядагы Кыргызстандын жарандарын туризм тармагында ишке орноштуруу жаатында кызматташуунун келечеги талкууланды.

"Президент Садыр Жапаровдун "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө" жарлыгынын алкагында министрлик эмгек рыногун диверсификациялоого, Эмгекчилердин жаңы натыйжалуу көндүмдөрүн жана билимдерин алуу үчүн жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу географиясын кеңейтүү үчүн шарттарды түзүүгө, иштеп жаткан мезгилде жарандардын чет өлкөлөрдө коопсуз жүрүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган чараларды көрүп жатат.

Алсак, 2022 - жылы Эмгек министрлигинин көмөгү менен Кыргызстандын 1500 жараны Улуу Британияда айыл чарба иштерине жумушка орношкон, Германия менен кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлган, ошондой эле учурда кыргызстандыктардын Венгрияга жумушка орношуу келечеги каралууда", - деди министр Базарбаев.

Тараптар кызматташуу жөнүндө макулдашууну даярдоону макулдашышты, анын алкагында Кыргызстандын жарандарын Болгарияда жумушка орноштуруу үчүн шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий