• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстандыктарга бакчаларына мөмөлүү бактарды отургузуу сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 06.09.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "Бай багбан" ассоциациясы жана "Гарден Колсалтинг" ЖЧКсы менен биргеликте "Тамарка" улуттук программасынын долбоорун баштап жатат.

Ведомстводон маалымдашкандай, Кыргызстанда орточо 1 миллионго жакын кожолук бар, анын арасынан 700 миң кожолуктун короо-жайында бак тигип, эгин эксе боло турган 10-50 сотых тамаркасы бар.

Долбоордун негизги максаты - эскирген мөмөлүү бак дарактарды жаңылоо, каралбай калган короо-жайларга кирешелүү жаңы сортторду сунуштоо (алма, алмурут, өрүк, шабдалы, алча, жүзүм, кара өрүк, айва, жаңгак жана фундук), жыл сайын туруктуу киреше алып келүүчү булактарын түзүп берүү жана жаңы багбанчылык маданиятын үйрөтүү болуп саналат.

Мындан тышкары, өсүмдүктөрдү оптималдуу сугаруу үчүн заманбап тамчылатып сугаруу системаларын киргизүү. Бул сууну үнөмдөөгө жана экологиялык стандарттарга ылайык өсүмдүктөрдү керектүү өлчөмдө нымдуулук менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Кошумчалай кетсек, пилоттук негизде 2025-жылдын жаз айларынан баштап 3-4 жеке менчик үйлөрдүн короо-жайларына жогоруда айтылган “Тамарка” долбоорун уюштуруу пландалууда.

Андан кийин министрлик ар бир облустан 100дөй үй-бүлөгө аталган долбоорду жайылтууну пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий