Кыргызстан санапирке өтүүдө. Бул жыл өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү десе болот. Бир жагынан бул учур көз карандысыз Кыргызстандын тарыхындагы кыйын мезгилдердин бири. Эми Кыргызстан дүйнөлүк электрондук процесстерге катышат.
"Түндүк" тутумунун киргизилиши
- 2018-жылдын 1-сентябрынан тарта мекемелер аралык электрондук кызматташуу тутуму аркылуу 7 миллиондон ашык транзакция жасалып, 25 мамлекеттик мекеме өз ара маалымат алмашууда;
- 2019-жылдын 1-июнунан тарта мамлекеттик сатып алууларга катышууда салык карызы тууралуу маалымкатты алуу автоматташтырылды. Бул маалымкат боюнча эле Мамлекеттик салык кызматынан 200 миң жооп алынган: кагаз түрүндө 200 миң маалымат берүүнүн кажети жок болгон. Учурда "Түндүк" аркылуу 11 маалымкат боюнча маалымат алмашуу жүргүзүлүүдө. Жыл аягына чейин дагы 7 маалымкат автоматташтырылат;
- 2019-жылдын 1-июлунан тарта "Түндүк" системасы аркылуу маалымат алмашуу жүргүзүү менен "Балага сүйүнчүнү" алуу процесси жеңилдетилди. Эми сүйүнчүнү 1-2 күн ичинде алууга болот;
- 2019-жылдын август айында "Түндүк" системасы Евразиялык экономикалык комиссиянын Интеграциялык шлюзуна кошулду. Ал ЕАЭБдин башка мамлекеттери менен автоматташтырылган түрдө маалымат алмашууга жол ачат;
- 2019-жылдын 1-июлунан тарта Улуттук мониторинг системасы киргизилди. Анын жардамы менен мамлекеттин каржы, экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөрүн көрүп турууга болот;
- 2019-жылдын башынан тарта өлкөнүн баардык облустарында айыл өкмөтү, окуу жайлардын ректорлору жана аймактык жетекчилердин катышуусу менен санариптештирүү боюнча тренингдер өткөрүлдү;
- 2019-жылдын 1-январынан тарта мамлекеттик органдардын баардык маалыматтык системаларын автоматтык түрдө эсебин жүргүзгөн "Каталог" маалыматтык системасы иштеп баштады;
- 2018-жылды 1-сентябрынан тарта мамлекеттик органдардын 322 маалыматтык сервиси иштелип чыгып, "Түндүк" системасына 20 коммерциялык уюм жана 62 мамлекеттик орган кошулган.
Санариптештирүү боюнча
- Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы №2 чечими менен "Санарип Кыргызстан" Кыргызстандын 2019-2023-жылдарга карата санарипке өтүү концепциясы жактырылган. Анда өлкөнүн санариптик багытта өнүгүүсүнүн максаты, тапшырмалары жана артыкчылыктуу багыттары белгиленген;
- КР өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы №2 буйругу менен "Санарип Кыргызстан" Кыргызстандын 2019-2013-жылдарга карата санарипке өтүү концепциясын ишке ашыруунун жол картасы бекитилген;
- 2019-жылдын 12-февралынан тарта "Акылдуу шаар" концепциясынын алкагындагы "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи баскычы иштеп баштады. 2020-жылдан тарта долбоор өлкө боюнча иштеп баштайт;
- "Түндүк" мекемелер аралык электрондук кызматташуу системасы иштелип чыгып, ишке берилди. Өкмөттүн 2019-жылын 11-апрелиндеги №201 токтому менен "Электрондук кызматташуу борбору" мамлекеттик ишканасы түзүлдү;
-Өкмөттүн 2019-жылдын 24-июлундагы №369 токтому менен Кыргыз Республикасынын 2019-2023-жылдарга карата киберкоопсуздук стратегиясы бекитилди;
-2019-жылдын 1-январынан тарта "Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестри" жана "Бузуулардын бирдиктүү реестри" маалыматтык системалары иштелип чыгып, ишке киргизилди. Соттук реформанын алкагында соттук системаны автоматташтыруу башталды;
- Бала бакчаларга (2018-жылдын 15-марты) жана мектептерге (2019-жылдын 15-февралы) электрондук кезек системалары иштеп баштады;
- Калк жана бизнес үчүн санарип платформалар иштей баштады – онлайн аукцион, электрондук соода аянтчасы (10.10.2018), электрондук патент, элге электрондук кызмат көрсөтүү;
- Дүйнөлүк банктын колдоосу менен "Санарип CASA – Кыргыз Республикасы" долбоору ишке ашырыла баштады;
- мектептерди интернетке туташтыруу иштери аяктап калды;
- 2018-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасында Ачык өкмөт куруу боюнча иш-аракеттер планы бекитилди;
- 2019-жылдын март айынан тарта Юридикалык жактарды электрондук каттоо системасы киргизилди;
Пикир
Оставить комментарий