• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү мамлекет тарабынан колдоого алынууда

Коом 0

Бишкек, 06.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү мамлекет тарабынан колдоого алынууда. Бул тууралуу Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Эрлист Акунбеков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 23-июлда президент Садыр Жапаровдун “Агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы чыкты. Бул документ 2026-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасынын милдеттерин аткарууга, агроөнөр жай комплексин колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган чаралардын комплексин карайт.

“Буга чейин айыл чарба тармагын колдоого багытталган мындай кенен жарлык болгон эмес. Бул документ 40тан ашык пункттан турат. Анын ар бири ишке аша турган болсо, айыл чарбабызда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр күтүлөт. Азыр айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр өз-өзүнчө алектенип жатат. Жарлыкка ылайык, эми дыйкандардын башы бириктирилет. Мунун аркасы дыйкан-фермерлер кооперативдер аркылуу экспортко чоң көлөмдөгү продукцияларды чыгара баштайт”, - деди ал.

Ошондой эле Эрлист Акунбеков белгилегендей, жарлыкты ишке ашыруу максатында жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгүн жөнөкөйлөтүлүп, ири агроөнөр жай ишканаларын колдоо үчүн мамлекеттик банктарда долбоордук каржылоо системасы киргизилет.

Өз кезегинде Ун өндүрүүчүлөр ассоцициясынын президенти Рустам Жунушев мындай жарлыктын чыгышын ишкерлер күтүшкөнүн, эми кайра иштетүүчү ишканаларды ачканга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн белгиледи.

“Пандемия маалында рыноктун 85%ын импорттук ундар түзчү. Чек аралар жабылып калгандан кийин, ун жетишсиз болуп, баалар өсүп кеткен. Биз 2021-жылдан баштап министрлер кабинетинин колдоосу аркылуу келишимдердин негизинде иштеп жатабыз. Эки жылдын ичинде 20дан ашык ишканалар калыбына келтирилди. Азыр өлкө боюнча 30дан ашуун тегирмендер иштеп жатат. Жаңы жарлыктын негизинде кайра иштетүүчү ишканаларды ачканга бизге мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат”, - деди Рустам Жунушев.

Маалымат жыйынында катышуучулар көрүлө турган чаралар ишканаларга, фермердик, үрөн чарбаларына, кайра иштетүүчү ишканаларга жана агроөнөр жай комплексинин башка субъекттерине өндүрүштү өнүктүрүүгө, кеңейтүүгө, инновациялык технологияларды киргизүүгө жана жеңилдетилген каржылоого жетүүгө, ошону менен алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берерин кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий