Бишкек, 24.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстандын аймагында 285 ак илбирс байырлап жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын резолюциясынын негизинде 23-октябрь – Эл аралык ак илбирс күнү катары кабыл алынгандыгына байланыштуу Бишкекте өткөн иш-чарада айтылды.
Ага тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программасынын координаторлору, эл аралык донорлор жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын алкагында өлкө аймагында жашаган ак илбирстин санын аныктоо боюнча комплекстүү баалоонун жыйынтыгы чыгарылды.
Баалоо 2020-2024-жылдар аралыгында заманбап методдорду колдонуу менен жүргүзүлдү. Мында фотокапкандар маалыматтарды чогултууга жардам бергендигин Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын эл аралык координатору Костуб Шарма билдирди.
"Окумуштуулар 125 миң чарчы километрден ашык аймактарды изилдешти. 875тен ашык фотокапкандар орнотулду. Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, Кыргызстанда 234төн 349га чейин ак илбирстин бар экендиги аныкталды. Орточо эсеп менен ак илбирстин саны 285 деп белгиленди", - деди ал.
Ошондой эле Костуб Шарма бул жыйынтыктар экосистеманы коргоо маанилүү экендигин көрсөтөрүн айтып, комплекстүү иштерди жүргүзүү ак илбирстин санын көбөйтүүгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
Пикир
Оставить комментарий