Кыргызстандын аймагында акыркы жумада 317 мас айдоочу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2-июндан 9-июнга чейин алдын ала маалымат боюнча, 22 миң 226 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 337;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 317;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 82;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 923;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 461;
  • авто ээнбаштык — 82;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4 464;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 4;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 12 мин 630;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 765 унаа айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий