• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандын аймагында бир суткада 16 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 16 өрт кырсыгы катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Алсак, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4, Ош шаары 2, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Катталган тилсиз жоолорду өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган.

Бишкектеги ботаникалык бакчанын аймагында 60 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош шаарындагы У. Салиева көчөсүгү көп кабаттуу турак үйдүн жанынан “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.

Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Жийде-Булак айылында жыгач устундуу тунуке менен жабылган эки кабаттуу сарайдын 161 чарчы метр чатыры жана 500 кг эндей чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле Бишкек-Ош унаа жолунун 323-чакырымында “Ауди 100” үлгүсүндөгү жеңил унаасы толугу менен күйүп кеткен. Тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий