Кыргызстандын аймагында кайрадан жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 22.03.24./Кабар/. Кыргызстандын аймагында кайрадан жер титирөө катталды.

КР Улуттук илимдер академиясына караштуу Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 22-мартта саат 16:12де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум, Жыл-Кол, Кызыл-Жар айылдарында, Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасында жана Теңдик айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий