Кыргызстандын аймагында “Нелегал-2021” рейди өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында “Нелегал-2021” рейди өтүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ички иштер министрлиги чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жокторду Кыргыз Республикасынын аймагына келүү жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин так сактоого чакырат.

ЖККУга мүчө-мамлекеттердин мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жамааттык тутумун өнүктүрүү боюнча аракеттеринин планына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында 2021-жылдын 5-июлунан 12-июлуна чейин “Нелегал-2021” ыкчам алдын алуу иш-чарасы өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий