Кыргызстандан БАЭге айыл чарба продукцияларын экспорттоо пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Кыргызстандан Бириккен Араб Эмираттарына айыл чарба продукцияларын экспорттоо пландалууда. Бул тууралуу маселе КР Соода-өнөр жай палатасынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Маданбек Караевдин USAIDдин "Агросоод" долбоорунун консультанты Валид Таханов менен жолугушуусунда көтөрүлдү.

Соода-өнөр жай палатасынан маалымдашкандай, тараптар Дубай рыногунда Кыргызстандын айыл чарба продукциясын сатууну жана кеңейтүүнү талкуулашты. Суу, кургатылган жемиштер, жаңгак жана ак бал сыяктуу азыктарга өзгөчө көңүл бурулду. Жыйындын жүрүшүндө 20 тонна жаңгак жеткирүү сунушталды.

Кошумчалай кетсек, БАЭ рыногунда эң популярдуу позицияларды аныктоо үчүн Кыргызстандын башка айыл чарба продукцияларынын потенциалына изилдөө жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Ошондой эле узак мөөнөттүү кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү жана продукциянын сапатын жакшыртуу боюнча стратегияларды иштеп чыгуу талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий