• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстандын ак ниет ишкерлеринин реестри түзүлдү – тизме

Экономика 0

Бишкек, 31.12.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин токтому мнен 26-декабрда Кыргызстандын ак ниет ишкерлеринин реестрине киргизүү үчүн ишкерлердин арыздарын тандоо жүргүзүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Экономика министрлигинин буйругу менен түзүлгөн туруктуу иштөөчү Кыргызстандын ишкердик субъекттерин тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечимине ылайык, ак ниет ишкерлердин реестрине төмөнкү ишкердик субъекттер киргизилди:

  • “Алайку Органикс” МЧК;
  • “Альянс Алтын” МЧК;
  • "Кул Брос" МЧК;
  • "Айко-Сейко" МЧК;
  • "Ажи Сервис" МЧК;
  • "Кока-Кола Бишкек Боттлер" ЖАК;
  • "Бай Дыйкан" МЧК;
  • "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк" ЖАК.

Реестрге кирген ишкер төмөнкү артыкчылыктарга ээ:

  • медиа-жарнак үчүн Кыргызстандын мамлекеттик телеканалдарынан акысыз обо убактысын алат;
  • салык жана бажы кызматтарын кезексиз алат;
  • Кыргызстандан эл аралык көргөзмөлөргө, жарманкелерге, форумдарга акысыз катышат;
  • Кыргызстандын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү кошпогондо, КР ак ниет ишкерлеринин реестрине киргизилген учурдан тартып мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан үч жылга текшерүүдөн бошотулат;
  • мамлекеттик кредиттөө программаларын ишке ашыруунун алкагында жеңилдетилген каржылоону алат.

Реестр Экономика жана коммерция министрлигинин расмий сайтында "ишкерлик" бөлүмүндө жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий