• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстандын алыскы аймактарындагы мектептерге 50 автобус берилет

Коом 0

Бишкек, 02.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын алыскы аймактарындагы мектептерге 50 автобус берилет.

Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашкандай, бүгүн Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда “Евразия” эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча автономдуу коммерциялык эмес уюмунун мектеп автобустарынын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи өткөрүлөт. Иш-чара саат 17:00дө болот.

Министрлер кабинети менен “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюмунун ортосунда Евразия мейкиндигинде салттуу баалуулуктарды сактоо жана бекемдөө боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө келишимге кол коюу аземи пландаштырылган.

Анын алкагында “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму заманбап коопсуздук стандарттарына ылайык жабдылган 50 мектеп автобусун өткөрүп берет.

Муну менен алыскы райондордогу балдар мектепке ыңгайлуу шартта жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Пикир

Оставить комментарий