• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Кыргызстандын ар бир районуна жүндү кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. "Кыргызиндустрия" ААКтын базасында Кыргызстандын аймактарынын социалдык-экономикалык потенциалын арттыруу максатында чакан долбоорлорду ишке ашырууга багытталган демонстрациялык борбор ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Демонстрациялык борбор ишкерлерге, фермерлерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чакан жана орто өндүрүштөрдү ачуу, продукцияларды кайра иштетүү жана чыгаруу боюнча практикалык көрсөтмөлөрдү берет.

Иш-чарада айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев ар бир районго кайра иштетүүчү чакан айыл чарба өндүрүштөрүн ачуу зарылдыгын белгилеп, жүндү кайра иштетүү маселесине токтолду.

"Мына аймактарга ыңгайлуу болгон жүндү кайра иштетүүчү баасы 2 млн сомго жетпеген чакан өндүрүштү көрсөттүк. Акимдерге, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын башчыларына ачык айтып коёюн, президент мага айтты, кайсы райондо болсун, мейли Ошто, Ат-Башыда, Түптө, Кара-Кулжа болобу жүн жерде жатса, ошол райондун акими иштен алынат. Бул майда нерсе деп ойлобогула. Эгер биз райондордо 60 жерге жүндү кайра иштетүүчү өндүрүштү койсок, жүн маселесин чечебиз. Ал эми наркы 120 миң сом эле турган малдын терисин сыйруучу станокту ар бир айыл өкмөтүнө койсок, тери көйгөйүн чечебиз”, - деди ал.

Белгилей кетсек, аталган борбор чакан бизнес долбоорлордун ийгиликтүү мисалдарын көрсөтүп, алардын өнүгүүсүн талкуулап, эл аралык инвестицияларды тартууга жардам берет.

Негизги максат - демонстрациялык борбордун ишин көрсөтүү, өнөктөштөрдүн демилгелерин презентациялоо, эл аралык жана ички инвестицияларды тартуу, аймактардагы чакан бизнес менен инновациялык долбоорлорду колдоо үчүн өнөктөштүк байланыштарды түзүү.

Иш-чараны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий