• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Кыргызстандын ар кайсы аймактарында 45 жаңы объект ачылды

Өкмөт 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Баткен облусунун 25 жылдыгын, ошондой эле Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарында бир убакта 45 жаңы объектинин ачылышы болду.

Ачылыш иштери министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында онлайн режиминде өттү.

Белгилей кетсек, буга чейин КР Эгемендүүлүк күнүнө карата республика боюнча 100 өнөр жай жана 100 социалдык объектилер ачылган. Бул иш-чаралар Кыргызстандын экономикасынын динамикалуу өнүгүшүн жана жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралып жатканын көрсөтөт.

Баткен облусунда 25 объект ачылды:

  • 4 административдик имарат;
  • 4 кызматтык турак жай имараттары;
  • 3 тигүү цехи;
  • 3 парк;
  • 3 спорт залы;
  • 2 мектеп;
  • 2 бала бакча;
  • 2 логистикалык борбор;
  • 1 лаборатория;
  • 1 ишкана.

Ош облусунда болсо 10 объект ачылды:

  • 3 өнөр жай объектиси;
  • 7 социалдык объекти: анын ичинде 3 бала бакча, 2 мектеп, 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 2 тигүү цехи жана 1 көмүр комбинаты.

Ал эми Ысык-Көл облусунда 4 объект ачылды:

  • Лесное айылында чакан ГЭС (Теплоключенка);
  • Жаңы-Арык айылында курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана;
  • Балыкчы шаарында тазалоо мекемелери;
  • Түп айылында райондук жалпы дарыгерлик практика борбору.

Нарын облусунда 3 объект ачылды:

  • Төш-Булак, Өрүк-Там, Ак-Кыя, Орто-Саз жана Жаңы-Жол айылдарына суу куурларынын системасы;
  • Эчки-Башы айылында фельдшердик-акушердик пункт.

Жалал-Абад облусунда 2 объект ачылды:

  • Жазгак айылында № 34 орто мектепте спорт зал;
  • Арстанбап айылында № 50 мектепке чейинки билим берүү мекемеси.

Талас облусунда 1 объект ачылды:

  • Акназаров айыл аймагында Кызыл-Жар жана Жалпактил каналдары.

Пикир

Оставить комментарий