• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Кыргызстандын аскерлери Тажикстанда өтүп жаткан "Рубеж —2024" машыгуусуна катышууда

Коом 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын аскерлери Тажикстанда өтүп жаткан "Рубеж-2024" машыгуусуна катышууда. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖККУнун машыгуусуна Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 50гө жакын аскер кызматчысы "Кант" авиабазасынан учуп кетишти.

"Тажикстандын "Харбмайдон" полигонунда Борбордук Азия регионунун тез жайылтуучу жамааттык күчтөр менен "Рубеж-2024" биргелешкен машыгуусунда ЖККУга мүчө мамлекеттин аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча аскердик аракеттерди даярдоо жана жүргүзүү маселелери иштелип чыгат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий