Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 1-мартында белгилүү немис котормочусу, басып чыгаруучусу, жазуучусу, Кыргызстандын көп жылдан берки досу Леонард Кошут 99 жашында Берлинде каза болду, - деп кабарлайт КР ТИМдин басма сөз кызматы.
Л. Кошуттун бүткүл чыгармачылык өмүрү совет адабияты менен байланышкан. Л.Кошут «Volk und Welt» («Калк жана дүйнө») басмаканасында иштеген мезгилин өзгөчө жылуу сезим менен эскерип келген. Анда кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун көптөгөн чыгармалары Л.Кошуттун жубайы - Шарлотта Кошуттун котормосунда да жарык көргөн. Ш.Кошут 2014-жылы 89 жашында каза болгон. Л.Кошут жубайы Ш.Кошут менен мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын атактуу жазуучуларынын чыгармаларын немис тилине которгон. Алардын эмгеги аркылуу Россиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдʏн белгилүү жазуучуларынын чыгармалары немец жергесинде таанымал болуп калды.
Шарлотта Кошут Ч. Айтматовдун «Эрте келген турналар», «Кылым карытар бир күн», «Келгин куштун ыйы», «Ак кеме», «Акыр заман» ж.б. чыгармаларын которгон.
Кошуттар Чыңгыз Айтматов менен болгон кызыктуу жолугушууларын жана Кыргызстанга болгон сапарларын, кыргыз элинин достугу жана меймандостугу жөнүндө өзгөчө жылуу сезим менен эскерип келишкен. Бир жолу Ч.Айтматов Кошуттун үй-бүлөсү менен Кыргызстанда болгон жолугушууларынын биринде: «бизди жалпы иш, башкача айтканда, жалпы тагдыр бириктирип турат» деп айткан.
Л.Кошуттун китептеринин биринде Ч.Айтматов менен болгон маегин басып чыгарган. Төмөндө ошол маектен кыскача үзүндү:
«Ш.Кошут: Бардык чыгармаларыӊдан сенин кичи мекениңдин эли, жаратылышы менен канчалык тыгыз байланышта экениңди сезүүгө болот. Мага туулган айылың Шекер эмнегедир бардык чыгармаларыңда болгондой сезилет..... Көйгөйлөр, дүйнөгө болгон көз караш кеңейди, дʏйнө жʏзʏнө таркады. Элге, мекенге болгон мамилең өзгөрдүбү?
Ч.Айтматов: Кандай болгон күндө да, адамдын жан дүйнөсүнө жакын, кымбат нерсеси болушу керек... Адам айланасындагы жаратылыш бузулганда, дарыялар булганганда, токойлордо бак-дарактар жок болгондо жана чөп жакшы өспөй калганда, ага бушайман болушу керек. Балалыгымдын түстөрүн эми көрбөй калдым. Илгери балалыгымда, жазында тоолор менен талаалар гүлдөргө оролуп жайнап турчу эле... Беш-он күн гүлдөрдүн арасында жашачу элек. Эми мунун баары жок. Албетте, буга кайдыгер болуп, өзүңүзгө: «Мага баары бир, мен мынчалык көп жашабайм, жакында баарыбыз жок болобуз» деп айтсаӊыз болот. Эгер адам ушундай ойлосо, анда бул анын бала кезинен начар тарбияланганын же жаман жакка өзгөргөнүн билдирет. Жапайы жаныбарлар да минтип ойлоно албайт. Жырткыч да табиятты аң-сезимсиз сезе алат; эгер жаратылыш мол жана бүтүн болсо, өзүн жакшы сезет, көп жем, чөп болот, жылуулукту, күндү, жердин салкындыгын, абанын тазалыгын сезет. Бирок булардын бири да жок болсо, баары бузулса, ал дагы кыйналат, өзʏн жаман сезет. Эгер адам аны эзип, өлтүрүп, бүт жандыктарды жок кыла баштаганда ал өзʏн абдан жаман сезет. Демек, адам өз мекенин сүйө билүүсʏ, анын кыйынчылыгына боор ооруу жөндөмүн сактап калуусу, кандайдыр бир себептерден улам тоодогу кар тез эрип, анан кайра калыбына келбей калса, ага кайдыгер болбошу жана эмне үчүн мындай болуп жатканын жана бул өзгөрүүнʏ кандайдыр бир тоскоолдуктар жараттыбы деп ойлоно билиши маанилүү. Эгерде адам ушуга баш ийсе, акыры өзүн өзү четке кагат. Табиятты танса, айбанаттарды, тирүү дүйнөнү уламдан-улам танса, өсүмдүктөр дүйнөсүн танып, тынчсызданбаса, аларды коргобосо, күрөшпөсө, акыры, өзүн-өзү танган болот».
Кыргызстандын элчилиги Кошуттун үй-бүлөсү менен тыгыз байланышта болуп келген жана Л. Кошуттун туугандарына жана жакындарына, анын чыгармачылыгынын бардык окурмандарына жана күйөрмандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Пикир
Оставить комментарий