Кыргызстандын банкттарынын кредиттик портфели 270 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Банк системасында улуттук валютадагы ашыкча ликвиддүүлүктүн жогорку деңгээли сакталууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын Байланыш жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов билдирди.

Анын маалыматына караганда, бул экономиканын реалдуу тармагын насыялоону андан ары кеңейтүүгө түрткү берет.

Өз кезегинде Улуттук банкттын Экономикалык башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы өлкөдө коммерциялык банктар тарабынан экономиканын реалдуу тармагын насыялоо өсүп жатканын кошумчалады.

"Эгер өткөн жылдын жыйынтыгында кредиттик портфелдин көлөмү 257 млрд сомду түзсө, анын 200 миллиарды улуттук валютада болгон. Быйыл 23-майга карата кредиттик портфелдин көлөмү 270 млрд сомду түзүүдө, анын ичинен 212 млрд сому улуттук валютада", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий