Бишкек, 26.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын Беларустагы Маданият күндөрүнүн алкагында кыргыз искусство чеберлеринин концерти жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өттү.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен белгилешкендей, иш-чараны маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова жана Беларустун маданият министринин орун басары Валерий Громада ачты.
Кыргызстандын Маданият күндөрү Беларуста эки өлкө ортосундагы маданий кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Иш-чаралар бир жумага созулуп, анда беларусь жарандарына кыргыз элинин маданияты жана салттары тааныштырылат.
Пикир
Оставить комментарий