• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Коом 0

Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинен 18-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Алар:

- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;
- 222-250-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
- Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусу;
- Барскоон — Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68 чакырымдарындагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

"Алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, жол азыгын, дары-дармек кутучасын алыңыздар. Ал эми унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМ кандайдыр бир кырдаалга күбө болгондорду "112" кызматына билдирүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий