• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Кыргызстандын билим берүү тармагындагы реформалардын оң натыйжалары белгиленди

Билим 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы финансылык макулдашуунун экинчи траншына өтүнмө берүү үчүн индикатордун аткарылышы жөнүндө Байкоочу кеңештин жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Жыйын билим берүү министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиевдин төрагалыгы алдында өттү.

Жыйында Байкоочу кеңештин мүчөлөрү, Финансы министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү Билим берүү жана илим министрлигинин индикаторлордун аткарылышын баалоонун жыйынтыктары жөнүндө ЕСтин баалоону кароо миссиясынын эксперттеринин отчетун угушту.

Байкоочу кеңеш көп тилдүү билим берүү, жашыл көндүмдөрдү киргизүү, медиа сабаттуулук жана санариптик сабаттуулук боюнча мугалимдердин потенциалын жогорулатуу сыяктуу каржылык макулдашуунун шарттарын аткаруудагы реформалардын оң натыйжаларын белгиледи.

Андан ары отчет Брюсселге Европа биримдигинин башкы кеңсесине экинчи траншты бөлүү боюнча чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы Билим берүү секторунда реформа жүргүзүү боюнча финансылык макулдашуу КР министрлер кабинетинин тескемеси менен жактырылган.

Пикир

Оставить комментарий