Айгүл Жапарова балдар рагына каршы күрөшүүгө арналган семинарга катышты

Коом 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова бүгүн, 28-майда, “Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүүнүн натыйжалуу стратегиялары: мультидисциплинардык мамиле” деген темадагы семинарга катышты.

Маалым болгондой, 2023-жылы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору фокустук өлкө катары тандалып, Global Initiative for Childhood Cancer - Балдардын онкологиясы боюнча глобалдык демилге эл аралык программасына кирген. Бул программа Кыргызстанга балдардын рак оорусун аныктоонун жана дарылоонун сапатын жогорулатууга шарт түзөт. Ошондой эле кымбат эмес жана негизги дары-дармектердин жана технологиялардын жеткиликтүүлүгү, онкологиялык ооруга чалдыккан балдардын үй-бүлөлөрүнө социалдык колдоо жакшырат.

"Бүгүнкү семинар эл аралык кызматташууга умтулганыбызды гана эмес, балдарыбыздын ден соолугун жакшыртууга болгон умтулуубузду да чагылдырат", - деп белгиледи өз сөзүндө биринчи айым Айгүл Жапарова.

2018-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Сен-Джуд балдар изилдөө ооруканасынын колдоосу менен балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча Глобалдык демилгени баштаган. Бул демилге балдардын рак оорусун дарылоо боюнча жогорку сапаттагы программаларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда өкмөттөргө жетекчилик жана техникалык жардам көрсөтүүнү көздөйт. Анын максаты 2030-жылга чейин бардык рак менен ооруган балдардын аман калуу көрсөткүчүн кеминде 60%га жеткирүү. Бул дарылоонун натыйжалуулугун кыйла жогорулатууну жана алдыдагы он жылда бир миллион өмүрдү сактап калууну билдирет.

Айгүл Жапарова бүгүн Кыргызстан Глобалдык демилгеге активдүү катышуу ниетин сыймыктануу менен жарыялай турганын ырастады.

«Биз балдардын рак оорусуна каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн түшүнөбүз жана бул демилгенин амбициялуу максаттарына жетүүгө өз салымыбызды кошууга умтулабыз. Мамлекетибиз саламаттыкты сактоо системасын бекемдөө, балдардын онкологиялык ооруларын диагностикасын жана дарылоосун жакшыртуу, ошондой эле медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча кадамдарды жасап жатат. Андан тышкары, биз башка өлкөлөр жана өнөктөштөр менен тажрыйба жана билим алмашуунун маанилүүлүгүн түшүнөбүз», - деп кошумчалады биринчи айым.

Жыйынтыгында Айгүл Жапарова Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна, Сен Джуд балдар изилдөө ооруканасына жана бардык өнөктөштөргө колдоо жана кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий