• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстандын бизнес-делегациясы Литвага барат

Экономика 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын бизнес-делегациясы тажрыйба алмашуу, логистика жана айыл чарба продукциясы жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Литвага иш сапары менен барат. Мындай макулдашууга КР Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев менен Литванын Казакстандагы элчиси Эгидиус Навикастун жолугушуусунда жетишилди.

КР СӨПТүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар жолугушууда экономикалык тармактагы кызматташуу маселелерин талкуулашкан.

"Бул жолугушуу эки өлкөнүн экономикалык байланыштарды бекемдөөгө жана өз ара пайдалуу кызматташуу багыттарын кеңейтүүгө умтулгандыгын баса белгилейт. Кыргыз делегациясынын Литвага баруусу логистика жана айыл чарба сыяктуу маанилүү тармактардагы биргелешкен долбоорлордун келечегин изилдөө үчүн мыкты мүмкүнчүлүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий