• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курамасы лицензиялык турнирге катышат

Спорт 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Бусто-Арсицио шаарында (Италия) өтө турган Дүйнөлүк Биринчи Олимпиадалык квалификациялык турнирге катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 29-февралдан 12-мартка чейин уланат.

Курама команданын тизмеси:

- 51 кг Нуржигит Дүйшөбаев;
- 57 кг Мунарбек Сейитбек уулу;
- 63,5 кг Мирзохид Имамназаров;
- 71 кг Нурадин Рустамбек уулу;
- 80 кг Эркин Адылбек уулу;
- 92 кг Өмүрбек Бекжигит уулу;
- +92 кг Бакыт Токтосун уулу,

Курама команда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу, улук машыктыруучулар Улан Сагынбаев жана Бейшен Сабатаровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий