Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Бүгүн, 6-ноябрда Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Монтенегродо өткөн дүйнө чемпионатынан мекенине кайтып келишти.
Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, бокс федерациясынан өкүлдөрү жана спортчулардын жакындары тосуп алышты.
Белгилей кетсек, Амантур Жумаев (54 кг) жана Тыныстан Алыбаев (92 кг) дүйнө чемпионатынын коло медалына ээ болушту.
Курама команда башкы машыктыруучулар Улан Төлөнбай уулу, Рустам Эсенкулов жана машыктыруучулар Бейшенбек Сабатаров, Темирлан Осмонов, Азамат Абдыкеримовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Пикир
Оставить комментарий