Кыргызстандын БУУ менен кызматташтыгы үлгүлүү координация болуп саналат – Гутерриш

Коом 0

Чолпон-Ата, 02.07.24. /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш президент Садыр Жапаровго Кыргызстанда жылуу кабыл алгандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

"Кечээ кечинде биз унутулгус кече өткөрдүк, анда кыргыздын даамдуу тамак-ашынан даам татып гана тим болбостон, азыркы учурдун маанилүү маселелери боюнча пикир алмаша алдык. Экинчи жагынан, жакында эле өлкөңүздө адамдардын өлүмүнө алып келген жаратылыш кырсыгы үчүн терең кайгыруу менен көңүл айтып, толук тилектештигибизди билдиргим келет. Кыргызстандын БУУ менен кызматташтыгы үлгүлүү координация болуп саналат. Кыргызстан өз ишмердүүлүгүндө БУУнун бардык ишмердүүлүк тармактарында көрсөтүп келет", - деди ал.

Анын айтымында, эң башкысы тынчтык. "Кыргызстан - тынчтыктын символу. Сиз туура белгилегендей, буга чейин кимдир бирөө Борбор Азиянын чек арасын долбоорлоп жатканда келип чыккан бардык чечилбеген көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүү үчүн бардык күч-аракетиңизди жумшадыңыз. Фергана өрөөнүндө эки жолу болуп, өмүрүмдө мындан татаал чек араларды көргөн эмесмин", - деди БУУнун башкы катчысы.

Пикир

Оставить комментарий