• 87
  • 90.64
  • 0.85

Кыргызстандын чөп үстүндөгү хоккей федерациясы Эл аралык хоккей федерациясына расмий мүчө болду

Спорт 0

Бишкек, 20.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/.Кыргызстандын чөп үстүндөгү хоккей федерациясы Эл аралык хоккей федерациясына (FIH) расмий мүчө болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Кыргызстандын чөп үстүндөгү хоккей федерациясынын президенти Кубан Атагараев билдирди.

Анын айтымында, бул маанилүү окуя уюмдун 100 жылдыгын белгилөөгө арналган FIH конгрессинин алкагында орун алды. “Биз үчүн бул тарыхый учур, биздин өлкөдө хоккейди өнүктүрүүнүн жаңы барагын ачкан күн”, - деди ал.

Дүйнөнүн 146 өлкөсүнөн чөп хоккейинин өкүлдөрү чогулган конгрессте Кыргызстандын чөп үстүндөгү хоккей федерациясына “Динамикалык өнүгүү” ардактуу сыйлыгы ыйгарылган.

Ошондой эле ал, федерация эл аралык чемпионатты 2025-жылдын август айында өткөрүүгө уруксат алганын билдирди.

Турнир Ысык-Көлдөгү “Барчын” эл аралык балдар спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында өтүп, ага 16 команда катышат.

“Федерация уюшулгандан берки эки жылдын ичинде биз эбегейсиз зор иштерди аткардык. Биз Азия жана Эл аралык федерациялардын деңгээлине жеттик. Биз бул масштабдуу турнирди өткөрүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтүп жатабыз”, - деп белгиледи Атагараев.

Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында Кыргызстандын командасы Малайзияда өтө турган ири фестивалга барат, ага дүйнөнүн булуң-бурчунан 250 команда катышат.

Маалым болгондой, келерки жылы Кыргызстанда өтө турган эл аралык чемпионатка чейин республикалык чемпионат өткөрүү пландалууда.

Анын максаты - мыкты оюнчуларды тандап, улуттук курама команданы түзүү.

Өз кезегинде федерациянын башкы катчысы Улукбек Өмүрзаков белгилегендей, учурда Кыргызстандын курама командасын хоккей боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн бири болгон Пакистандан келген адис машыктырат.

“Пакистан спорттун бул түрү боюнча таанылган лидер. Азия федерациясы биздин командага машыктыруучу бөлүп берди”, - деди ал.

FIH`ге мүчө болуу Кыргызстанга эл аралык турнирлерге катышууга, спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өлкөдө хоккейди жайылтууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

“Биз хоккейди активдүү өнүктүрүүгө жана өлкөбүздү дүйнөлүк аренада көрсөтүүгө даярбыз”, - деп жыйынтыктады cөзүн Кубан Атагараев.

Пикир

Оставить комментарий