• 85.5
  • 93.05
  • 0.87

Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн коңшу өлкөнүн жарандары кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн чет өлкөнүн жарандары кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16 октябрь күнү ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам иш чаралардын жүргүзүп, Кызыл-Кия шаарында Т.К. жана З.К. аттуу эки жаранды кармашты.

Текшерүү учурунда аталган жарандар 2024-жылдын 6 октябрынан 7 октябрь күнүнө караган түнү Казакстандын Жамбыл облусунун Тараз шаарынан Кыргызстандын Талас облусуна чек араны бузуп, мыйзамсыз өткөндөрү аныкталган.

Аталган жарандар Казакстандын жарандары экени аныкталып, өз өлкөсүндө бирөөсү тоноочулук фактысы менен кылмыш жообуна тартылып, бирок тергөөдөн качып кетүү максатында Кыргызстанга чек араны бузуп, мыйзамсыз киргендиги такталган.

Кармалган жарандар, иликтоо үчүн КР Удуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий