• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Кыргызстандын делегациясы Азербайжанда Pre-COP29 жолугушууларына катышууда

Коом 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. КР президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Азербайжандын Баку шаарында Климаттын өзгөрүшү боюнча тараптардын конференциясынын (Pre-COP29) алдын ала иш-чаралары жана жолугушууларына катышууда.

Президенттин администрациясынан билдиришкендей, иш-чаралар “Амбицияларды көтөрүү жана аракеттерди камсыз кылуу” урааны астында өтүүдө. Жолугушуулар жаңы Жамааттык климаттык каржысынын сандык максаты (NCQG), глобалдык жыйынтык чыгаруу, адаптация, митигация жана климаттын өзгөрүшүнүн башка актуалдуу маселелери боюнча талкууларды камтыйт.

Кыргыз делегациясы өз сөзүндө тоолуу аймактардын жана экосистемалардын климаттын өзгөрүүсүнө, мөңгүлөрдүн эрүү процесстерине, табигый кырсыктардын жыштыгына карата алсыздыгын белгилеп, айыл чарба жана социалдык-экономикалык чөйрөдөгү актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн эл аралык кызматташууга жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын тоо демилгелерин колдоого чакырды.

Бул иш-чаралардын алкагында Кыргызстандын делегациясынын БУУнун башкы катчысынын орун басары Амина Мохаммед, БУУнун климат боюнча алкактык конвенциясынын аткаруучу катчысы Саймон Стил, Азербайжандын экология жана жаратылыш ресурстары министри Мухтар Бабаев, Азербайжандын тышкы иштер министринин орун басары Ялчин Рафиев жана башка чет мамлекеттердин делегацияларынын башчылары менен жолугушуулары болуп өттү.

Жолугушуулар учурунда Кыргызстан тарабынан көтөрүлгөн глобалдык туруктуу тоолорду өнүктүрүү боюнча демилгелер жана иш-чаралар Тараптардын конференциясынын 29-сессиясынын күн тартибинин алкагында талкууланды.

PreCOP БУУнун Тараптарынын конференциясына (COP) бир ай калганда өткөрүлөт жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнүн негизги маселелери боюнча Париж келишиминин катышуучуларынын ортосунда позицияларды макулдашуу кызматын аткарат.

Пикир

Оставить комментарий