Кыргызстандын делегациясы БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясына катышууда

Коом 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова баштаган Кыргызстандын делегациясы Германиянын Бонн шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясынын (SB60) ачылышына катышты.

Иш-чарага 190дон ашык өлкөдөн 6700дөй өкүл катышууда.

Конференцияда Динара Кемелова катышуучуларга климаттын өзгөрүшүнүн Кыргызстанга тийгизген таасири, көрүлүп жаткан чаралар жана алдыга жылдырылып жаткан тоо демилгелери, анын ичинде UNFCCC алкагында Тоо жана климаттын өзгөрүүсү боюнча глобалдык диалогду жылдык иш-чара катары бекитүү жөнүндө маалымат берди.

Тоолуу аймактардагы климаттык көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен чукул чараларды көрүү зарылдыгына көңүл бурган Динара Кемелова катышуучуларды кыргыз тараптын жогоруда аталган демилгесин колдоого, ошондой эле тоолуу күн тартибин алдыга жылдыруу үчүн Климаттык конвенциянын алкагында түзүлгөн тоолуу өлкөлөрдүн шериктештиги тобуна кошулууга чакырды.

Бонн конференциясынын алкагында климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча глобалдык күн тартибинин, климаттык каржылоо маселелеринин, жоготуулар жана зыяндар фондун эртерээк ишке киргизүүсү, адилеттүү өтүү жана башка бир катар актуалдуу климаттык көйгөйлөрдүн талкууланышы пландаштырылууда. Бул форум ушул жылдын күзүндө Азербайжандын Баку шаарында өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 29-конференциясына даярдык болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий