• 84.4
  • 93.45
  • 0.89

Кыргызстандын делегациясы Ташкентте КМШнын II Эл аралык статистикалык форумуна катышууда

Коом 0

Ташкент, 02.10.24. /Тѳлѳнбай Курбанов – Кабар/. Улуттук статистика комитетинин тѳрагасы Бактыбек Кудайбергенов жетектеген делегация бүгүн Ташкентте ѳз ишин баштаган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) II Эл аралык статистикалык форумуна катышууда.

Форумда статистика чөйрөсүндө санариптик технологияларды кеңири колдонуу боюнча эл аралык алдыңкы тажрыйбалар, санариптик технологиялар негизинде статистикалык процесстерди модернизациялоо, расмий статистиканын ичинде кенен маалыматтарды жана жасалма интеллектти түзүү үчүн альтернативдик маалымат булактарын колдонуу талкууланууда.

Иш-чаранын программасында Россия, Беларусь, Армения жана Тажикстандын тажрыйбаларынын негизинде улуттук деңгээлде маалыматтык башкаруу жана маалыматтык ресурстарды интеграциялоонун бет ачарлары орун алган.

Форумга КМШнын Мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин жетекчилиги, КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Статистика департаментинин директору, БУУнун Статистика департаментинин директору, ошондой эле 20га жакын чет мамлекеттердин статистика органдарынын биринчи жетекчилери жана башка эл аралык уюмдардын эксперттери катышууда.

Статистикалык форум өз ишин 4-октябрга чейин улантат.

Форумдун алкагында КМШга мүчө-мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 70-жыйыны өтөрү пландалууда.

Эскерте кетсек, форум КМШнын Аткаруу комитети тарабынан бекитилген “КМШда статистиканы өнүктүрүү” программасынын алкагында уюштурулган. I Эл аралык статистикалык форум 2023-жылдын 12-14-сентябрында Россиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн.

Пикир

Оставить комментарий