Кыргызстандын делегациясы Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын сессиясына катышууда

Ден соолук 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Күн мурун Швейцариянын Женева шаарында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 77-сессиясы ишин баштады.

Иш-чарага Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган делегация активдүү катышууда.

27-майдан 1-июнга чейин белгиленген сессияда өлкө атынан келген саламаттык сактоо министрлери жана башка жогорку кызмат адамдары калк саламаттыгын коргоо жаатындагы глобалдык көйгөйлөрдү, анын ичинде ВИЧ, кызамык, полиомиелит, ошондой эле гипертония жана ашыкча салмак сыяктуу илдеттердин өсүү масштабын талкуулоо үчүн чогулушту.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 77-сессиясынын алкагында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев башка өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, анда саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу жана өнөктөштүктү бекемдөө маселелери талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий