• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандын дзюдочулары Будапешттеги мелдешке жөнөп кетишти

Спорт 0

Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. Кыргызстандын дзюдочулары Будапешттеги мелдешке жөнөп кетишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык, дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү 23-25-октябрь күндөрү Будапешт (Венгрия) шаарында өтө турчу "Grand Slam Hungary" эл аралык рейтинг мелдешине катышат.

Аталган мелдеште дзюдо боюнча курама командасы төмөнкү курамда көрсөтүлгөн:

1. Те Артур – 66 кг

2. Золоев Владимир – 81 кг

3. Шеров Эрлан – 90 кг

4. Фарух Булекулов – 90 кг (башка каржылоо булактарынан)

5. Краковецкий Юрий – 100 кг жогору

6. Кадыракунов Эркин – команданын жетекчиси.

Белгилей кетсек, дзюдочулар спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын эсебинен жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий